ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Тбилисиде полиция демонстранттарга суу жана желим ок атканы кабарланды

0
Грузиянын борбору Тбилисиде парламенттин алдына чогулган демонстранттарды полициянын атайын бөлүгү суу менен аткылады. Полиция кызматкерлери митингчилерге парламенттин короосунан таш ыргытканын да "Кавказ жаңырыгы" радиосу кабарлады.



1 - декабрда Грузия өкмөтүнүн Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүн 2028-жылдын аягына чейин калтыруу чечимине нааразы болгондор Тбилисинин борбордук көчөлөрү Руставелини жана Коставаны тосушкан.



Полиция демонстранттарды желим октор менен атканын "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.



Грузин өкмөтүнүн Евробиримдикке кирүүдөн чегинүү чечимине нааразылык акциялары борбор калаадан тышкары Батуми, Кутаиси, Поти жана башка шаарларда да өтүп жатат. Чогулгандар кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана жаңы эле түзүлгөн өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. 28-ноябрда жаңы куралган өкмөт өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү 2028-жылдын аягына чейин калтыруу чечимин кабыл алганын жарыялаган. Бул чечим Европарламент Грузияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирген соң кабыл алынган.



Бул аралыкта грузин өкмөтүнүн башчысы Ираклий Кобахидзе кайра шайлоо болбой турганын жарыялап, азыркы президент Саломе Зурабишвили президенттик шайлоодон кийин кызматтан кетиши керектигин билдирди.



Ага чейин АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотконун Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирген. Анын айтымында, Вашингтон менен Евробиримдик бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон чечимине өкүнүүдө.



Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 30-ноябрда “парламент мыйзамдуу шайланып келгенге чейин” өз ордунда кала турганын билдирген.