ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду камакта калтырды

0
Бишкек шаардык соту 2-декабрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карады. Жыйынтыгында Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.



Райондук соттун 15-ноябрдагы чечими менен "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камакка алынган.



Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган, ошондон бери суу гана ичип жатканын адвокаттары кабарлашууда.



Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.




Социал-демократтар партиясы өзүнүн лидери Темирлан Султанбековдун фундаменталдык укуктарын жана укугун калыбына келтирүүгө жетишүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссариатына кайрылды. (MKt/ZKo)