ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2024

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы курамы алгачкы отурумуна чогулду

0
Бишкек шаардык кеңешинин жаңы шайланып келген депутаттары 2-декабрда алгачкы отурумуна чогулушту. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырды. Депутаттар ант беришти.



Регламент боюнча, шаардык кеңештин алгачкы отурумун жашы улуу депутат ачып, төрага шайланганга чейин башкарат.



Бүгүнкү отурумдун күн тартибине кеңештин төрагасын, орун басарын шайлоо, фракцияларды каттап, алардын лидерлерин бекитүү, туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жана шаардык кеңештин ишин уюштурууга багытталган башка маселелер киргизилген.



Бишкек шаардык кеңешине бул чакырылышта 51 депутат шайланып келди.



Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өткөн. Анын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңешине "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" партиялары шайлоо босогосунан өтүп келишкен.




Шайлоонун алдында, 13-ноябрь күнү "Социал-демократтар" партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлүп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 14-ноябрда аталган партияга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон жана партиянын лидери Темирлан Султанбеков камакка алынган. 




Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.




Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Партиянын лидери Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган, ошондон бери жалаң суу ичип жатканын адвокаттары айтып келишет. (ZKo/NbA)