ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30

Кыргызстан: Инвестиция жөнүндө мыйзам тарыхый мурасты коргоого кедерги тийгизбесин

0
 


Кыргыз археологдору жана тарыхчылары “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр долбоорунун айрым беренелерине тынчсыздануу менен карашууда. Алар бул түзөтүүнүн айынан кайсы бир бай демөөрчү тарыхый мурастар жайгашкан жер тилкесине оңой-олтоң кожоюндук кылып калышы ыктымал, дешет. Тарыхчынын блогу.


 


Албетте, ар бир өлкөдө улам жаңы коомдук-экономикалык жана башка өнүгүүлөр экономикага киргизилчү капиталдык салымдар тууралуу мыйзамдарга жана эрежелерге толуктоо же өзгөртүү киргизүүнү талап кылып турат.


Маселен, 1990-жылдардын башында гана түгүл, өлкөнүн Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” № 66 мыйзам кабыл алынган 2003-жылдын 27-мартынан бери дүйнөдө жана жергиликтүү коомдо олуттуу өзгөрүүлөр болду.


Азыркы тапта санарип жана интернет экономикалык турмушта жигердүү колдонулуп келет. Дүйнөлөшүү жүрүмү күчөөдө. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык уюмдарга да мүчө болду. Бул жаңы жагдайлар жөнүндө мындан 30 чакты жыл мурда элестетүү да кыйын болчу.


2003-жылдан бери “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамга 17 жолу толуктоолор киргизилди (акыркы толуктоо жана өзгөртүү 2024-жылдын 22-апрелинде №78 мыйзам аркылуу киргизилген).


Эми жумурияттын Жогорку Кеңеши аталган мыйзамга кезектеги өзгөртүү долбоорун карашы керек. 2024-жылы 18-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде Экономика министрлиги сунуштаган өзгөртүүлөр долбоорунун алгачкы талкуусу өткөрүлдү.


Кыргызстандагы археологдор жана тарыхчылар бул жаңы толуктоолор долбоорунун айрым беренелерине санааркоо менен мамиле кылышууда.




 


Шек жараткан түзөтүү долбоору


Учурдагы мыйзамдын “Концессиялык келишимдер” аттуу 11-беренесинин 1-пунктунда мындайча сөздөр камтылган:


“Инвесторлорго жаратылыш ресурстарын жана кен байлыктарын чалгындоого, иштетүүгө жана эксплуатациялоого, башка чарбалык ишти жүргүзүүгө концессияларды берүү инвесторлор Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен түзүүчү концессиялык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт”.


(Орусчасы: “Предоставление инвесторам концессии на разведку, разработку и эксплуатацию природных ресурсов и недр, ведение иной хозяйственной деятельности производится на основе концессионных договоров, соглашений, заключаемых инвесторами с уполномоченным государственными органами Кыргызской Республики, в порядке, определяемом законодательством Кыргызской Республики”).


Мыйзамга толуктоо сунуштап жаткандар ушул берененин пунктуна мындайча өзгөртүүлөрдү сунуш кылышууда:


“Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган мамлекеттик тапшырмаларды жүзөгө ашыруу үчүн сунушталчу инвестициялык долбоорго инвестор тарабынан салынчу инвестициянын көлөмү кеминде 20 миллион АКШ долларын түзсө, анда мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган тарыхый-маданий мурас объекттери инвесторго ажыратылып бериши мүмкүн...”


Албетте, андан ары мындай тарыхый-маданий мурас объекттери жайгашкан, мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган жана мамлекеттик органдар жана мекемелер жайгашкан жер тилкелери болжолдуу “инвесторлорго талаптарды эске алуу менен убактылуу пайдалануу укугунда гана берилиши мүмкүн” деген эскертүү да камтылган.


(Орусчасы: “если сумма осуществляемых инвестором инвестиций в инвестиционный проект составляет не менее 20 миллионов долларов США для реализации государственных задач, определяемых Кабинетом Министров Кыргызской Республики, с отчуждением инвестору объектов историко-культурного наследия, являющихся государственной или муниципальной собственностью, в которых располагались государственные органы и учреждения.


При этом земельные участки, на которых расположены объекты историко-культурного наследия, являющиеся государственной или муниципальной собственностью, в которых располагались государственные органы и учреждения, могут передаваться инвесторам только на правах временного пользования, с учетом требований земельного законодательства Кыргызской Республики”).




 


Бул түзөтүү эмнеси менен опурталдуу?


Тарыхчылар баса белгилешкендей, биринчиден, Кыргызстанда көптөгөн тарыхый-маданий мерчемдер жана жайлар ансыз да мамлекеттик менчикке таандык.


Экинчиден, эгерде чириген бай болгон кайсы бир демөөрчү 20 миллион доллардан ашуун көлөмдөгү инвестицияны сунуштаса эле, анда Манастын күмбөзү, Бурана же Өзгөн мунаралары, Ысык-Көл районундагы же Тогуз-Тородогу ачык асман алдындагы аска таш сүрөттөрү (петроглифтер), Сулайман-Тоодогу Бабурга таандык делген үжүрө, ж.б. тарыхый-маданий эстеликтер жайгашкан жер тилкелери (убактылуу, б.а. 49 жылга болсо да!) инвестордун менчишине өтүп кетиши ажеп эмес.


Себеби, мыйзам долбоорунда “тарыхый-маданий мурас объекттери” деген сөз айкашы бүдөмүктөтүп жалпыланып чагылдырылып калган.


Бул түзөтүү долбоору, археологдордун айтымында, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзамдагы талаптарды айлакерлик менен айланып өтүү үчүн жеке кызыкчылыкта колдонулуп калышы ыктымалдан алыс эмес.




 


2023-жылы 22-декабрда Кыргыз Өкмөтү “Көөнө тарых сырлары” аттуу көп жылдык мамлекеттик программаны кабыл алган. Бул программанын мүдөөсү – өлкөбүздөгү заттык жана заттык эмес маданий мурастарды сактоо, изилдөө жана алар жаатындагы маалыматты калайыкка кеңири жайылтуу сыяктуу милдеттерди өзүнө камтыйт.


Ал эми өлкөбүздүн Экономика министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору дал ушул өкмөттүк программага каршы саботаж болчу кырдаалды жаратышы да ыктымал.


Андан тышкары дагы бир өңүттү айтуу керек.




Жеке менчиктен мамлекеттик менчиктеги маданий мурас жайына өткөрүү


Кыргызстандын учурдагы мыйзамдарында сөзсүз чагылдырылышы керек болгон дагы бир өңүт – бул жеке менчиктеги жер тилкелеринде табылган жана болочокто табылышы күтүлгөн археологиялык жана башка эстеликтерди мындан ары сактап калуунун жаңы мыйзамдык аргалары.


Дүйнөлүк бир мисал.


Тээ 1974-жылы март айында Ян Чжифа мырза баштаган жети дыйкан КЭРдин Шэнси аймагындагы Сиан шаарынан 30 чакырымдай алыстыктагы Линтуң (Líntóng) ооданындагы Лишан тоосунун (Lishan – “Ли Тоосу”) тескей жагындагы тоо этегинде өздөрү үчүн кудук казып жатып, чопо сөлөкөттү, жаа жебесинин коло учтарын, чопо идиш сыныктарын жана бышырылган кирпичтерди таап алышат.


Бул кудук казылган жай Цин Шихуан падышанын күмбөзүнөн 1,5 чакырымдай чыгышыраакта орун алган эле.


Айтмакчы, өздөрү ачкан баа жеткис тарыхый эстеликтин маанисинен кабары жок Ян Чжифа айрым табылгаларды сатып, болгону 10 юан көлөмүндө акча тапкан экен. Бизди чочулаткан жагдай да ушуга байланыштуу.


Арийне, жаңы табылга тууралуу каңшаар андан ары ири археологиялык ачылышка алып келди.




 


Бүгүнкү күнү Лишан тоосундагы айтылуу Цин Шихуан падышанын күмбөзү КЭРдин мамлекеттик коргоосунда жана ЮНЕСКО тарабынан катталган дүйнөлүк тарых мурастарынын тизмесинде турат.


Дал ушул күмбөздүн бир ыптасынан бышырылган түстүү чоподон (терракота) жасалган жоокерлердин 8 миңден ашуун киши боюндай сөлөкөттөрү, 520 аргымакка чегилген 130 аскер арабасынын жана 150 аскердик аттын сөлөкөттөрү казылып алынган.


 




Бул окуяны эскерип жатканыбыз – азыркы тапта Кыргызстанда да көптөгөн замандаштарыбыз тарыхый мурас жаатындагы мыйзамдарды көзгө илбестен, жеке менчиктеги нечендеген эгин талааларында же бакчаларда кокусунан табылган археологиялык эстеликтерди кыйратып жатышат.


Айрымдар балбалдарды жана эски тарыхый кирпичтерди үй пайдубалын курууда колдонуп жиберишкен. Айрымдар өз жер тилкесинде табылган карапа идиштерди бери дегенде мектептердеги же ири кыштактар менен шаарлардагы чөлкөм таануу музейлерине тапшырбастан, жеке менчиктеги буюм катары өз кампаларынлда сактап жүрүшкөн учурлар да болду.


Албетте, Ала-Тоодо тарыхый мураска астейдил көңүл бөлгөн аң-сезимдүү жарандарыбыз деле арбын.




 


МУРАС: Орозбек Шабданов атанын өрнөктүү иши

Жалал-Абад облусундагы Коргон-Жар эстелигин талапка ылайык сактап, изилдеп, музей менен камсыздандырса, ал келечекте Кыргызстандын эң көрүнүктүү археологиялык эстелигине айланат.

5 гектарга жакын жерди ээлеген эстелик Базар-Коргон районунун Коткор айылында жайгашкан (мурдагы Шыдыр айылы). Анын 3 миң жылдын сырын сактаган археологиялык маданий катмары бар.

Эстеликтин бузулушуна жол бербей коруп, сактап келе жаткан 89 жаштагы аксакалыбыз Орозбек Шабданов көп жылдан бери кайрылбаган жери калган жок. Болжолу, ушул жолку Бишкекке келишиндеги кайрылуусуна дурус жооп алгандай!

Баарлашып, музей куруу, эстеликти изилдөө боюнча бир аз маек курдук. Коргон-Жарды сактап калуу аракеттери боюнча китеп жазылса, элдик «баатыр мураскер» образы жаралат, көпчүлүк үчүн үлгү болот.

Аксакалыбызга ден-соолук тилейбиз, түбөлүк көздөгөн – Коргон-Жарды изилдеттирүү, музей куруу менен байланыштуу максатына жетип, уул-кыз, небере чөбөрөлөрүнүн кубанычтарын көп көрсүн!

Кубатбек Табалдыев. Фейсбук. 04.7.2024.


 


Кайдыгер эмес жарандардын көмөгү менен, маселен, Нарын облусунун Кочкор аймагындагы Көк-Таш жергесинде жеке менчиктеги айдоо талаасынан Кара кытай мамлекетинин доорундагы, б.а. XII кылымга таандык жер астындагы күмбөз казылып, илимий чөйрөгө дайын болду.


Археологдор Кубатбек Табалдыев менен Орозбек Солтобаев Көк-Таштагы эстелик андан ары жаңы технологиялык ыкмалар менен иликтенип жатканын айтышты.


Жакында эле бул жер астындагы күмбөздөн 100 метрдей аралыкта кыртыш астында имарат калдыктары жайгашкандыгы жаңы технологиялык ыкмалар аркылуу аныкталды.


Эми башкы маселе – Көк-Таштагы сыяктуу жеке менчиктеги жер тилкелерин (археологиялык же башка мурас бардыгы тастыкталган чакта) тез арада кайрадан мамлекеттик менчикке өткөрүп, мамлекеттик коргоодогу тарыхый мурас жайына айлантуу үчүн мыйзамдарга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилишинин зарылдыгын өлкөнүн Жогорку Кеңешине жеткирүүдө турат.


Албетте, тийешелүү жер тилке ээлери да өздөрү ыраазы болгондой акы алууга тийиш.


 




 


Тарыхый мурас – өзү жайгашкан жер тилкесинин менчик түрүнө карабастан корголууга тийиш


Азырынча расмий экономисттер жана Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар инвесторлордун кызыкчылыктарын өлкөдөгү тарыхый мурастарды сактоо кызыкчылыгынан жогору коюп жатышкандай сезилет.


Бакыт Аманбаева, Кадича Ташбаева, Любовь Ведутова, Кубатбек Табалдыев, Орозбек Солтобаев, Темирлан Чаргынов, Аида Абдыканова, Валерий Кольченко, Айдай Сулайманова, Салтанат Алишер кызы, Келдибек Касымкулов сыяктуу кыргыз археологдору жана башка тарыхчылар “өлкөбүздүн жарандык коомунун өкүлдөрү дагы тарыхый мурастарды сактап калуу үчүн өз үнүн жигердүү кошсо экен”, деп тилешет.


 




Өзгөчө баалуу тарыхый эстелик болгон Кара-Булак мумиясын “нео-шамандарга” жана чала сабат динчилерге тарттырып, 2017-жылы 14-октябрда Баткен аймагына кайра көмдүрүп салган окуя азыркы тапта да тарыхчылар жана музей таануучулар үчүн бетке чиркөө болуп келет. Эгерде өлкөбүздө бүгүн ДНКны талдаган жана башка илимий лабораториялар жок болуп жатса, бул – андай заманбап лаборатория эртең пайда болбойт, дегенди аңдатпайт. Анын үстүнө эл аралык кызматташтык аркылуу дагы мындай иликтөөлөрдү азыр деле жүргүзүүгө болот эмеспи.


Кара-Булак мумиясынын чатагы – ошондо илимдеги мажүрөөлүктү жана мамлекеттик бийликтин тарыхый мураска карата кайдыгерлигин жана чала сабаттыгын айгинелеп салганы анык.




Эми, 2024-жылы, башка бир “экономист” аткаминерлер инвестицияларды тартууну чыңдоо урааны менен буга чейин илим чөйрөсүнө ачылган жана ачыла элек тарыхый мурастарды сактоодогу жалпы урпактык милдеттерибизди аткарууга кедерги тийгизишпесе экен...


Кыргыз археологдору Экономика министрлигинин инвестициялык мыйзамга кошумчалоо долбоорун “тарыхый мурасты жайма базарга чыгарып сатуу далаалатына” теңешүүдө.




 


Кыргызстан тарыхый мурастарды сактоо жаатында эл аралык коомчулук менен, анын ичинде ЮНЕСКО жана башка уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.


Кыргызстандагы мурастар – адамзаттын дүйнөлүк орток мурасынын ажырагыс бөлүгү. Демек, биздин өлкөбүздөгү мурастарды сактоо – жергиликтүү жарандык милдетибиз гана эмес, дүйнөлүк цивилизация алдындагы парызыбыз да болуп эсептелет.


 


Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.