ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30

Ош шаардык кеңешине Болот Баетов төрага болуп шайланды

0
27-ноябрь күнү Ош шаардык кеңешине шайланып келген депутаттарга мандат тапшырылды.



6-чакырылышка жалпы беш партия босого пайыздан өтүп келген. Шаардык кеңештеги эң көп депутаттык орунду “Жаңы-Кыргызстан” партиясы ээлеп, 22 мандат, “Ынтымак” партиясы 10, “Мурас” партиясы 8, “Бир Бол” партиясы 5, “Милдет” партиясы 6 мандат алды.



Аймактык реформадан кийин Ош шаардык кеңешинде депутаттардын саны 51ге көбөйгөн.



Биринчи отурумунда жаңы шайланып келген эл өкүлдөрү шаардык кеңештин курамын бекитип, төрагалыка “Жаңы Кыргызстандан” шайланып келген Болот Баетовду шайлашты.



Болот Баетов 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо "Жаңы Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин тизме башында турган. Ош шаардык кеңешинде буга чейин да депутат болгон. Кесиби юрист.






Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн "Ата Журт - Кыргызстан" партиясы ал бийликте турганда шайлоого катышпай турганын билдирген. Кийинчерээк "Жаңы Кыргызстан" партиясын Ташиевге байланыштырган маалыматтар айтылып, партиянын талапкерлери аны четке кагышкан. Башкы чекист өзүн "Жаңы Кыргызстанга" байланыштырган сөздөр тууралуу комментарий берген эмес.(ZKo)