ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30

Тажикстанда Ага Хан фонду каржылаган компаниянын жетекчиси 12 жылга соттолду

0
Тажикстанда эки жыл мурдагы өкмөткө каршы нааразылыкка байланыштуу камалган активист Амран Мусифшоевдин апасы да соттолду. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.


Тоолуу Бадакшан аймагынын соту чакан насыя берүүчү "Рушди Памир" уюмунун башчысы Рухшод Ашурбекованы "акчаны жымырып алган жана короткон" деген айыптын негизинде 12 жылга эркинен ажыратты. Уюмдун эсепчиси жана дагы бир кызматкери 10 жана 11 жылга кесилди. Расмий органдар иштин жоо-жайы боюнча маалымат берген жок.


"Рушди Памир" Ага Хан фондунун каржылык жардамы менен иштеген уюм, ал айыл чарба жана экономикалык башка тармактарды өнүктүрүү менен алектенгендерге насыя берет. 58 жаштагы Ашурбекова бул чакан насыя компаниясын 2011-жылдан бери башкарды.




Тажик оппозициясынын Европадагы үч тобунун башын бириктирген, мекенинде тыюу салынган "Тажикстандын улуттук альянсынын" төрагасынын орун басары Алим Шерзамонов Рухшод Ашурбекованы эч кандай алдамчылыкка барбай турган таза адам катары тааный турганын айтып, сот өкүмүн Ага Хан фондунун Тоолуу Бадакшандагы жана борбор калаа Дүйшөмбүдөгү ишмердүүлүгүнө каршы уланып жаткан өнөктүктүн бир бөлүгү деп атады.


Тоолуу Бадакшан – Тажикстандын чыгышындагы 250 миңдей адам жашаган бийик тоолуу аймак. Калкынын көбү этникалык памирликтер, алар памир тилдеринде сүйлөшөт, шии исламдын исмаилит багытын карманышат жана канзаада Карим Ага Хан IVнү руханий лидер деп эсептешет. Талдоочулардын пикиринде, расмий Дүйшөмбүнү Тоолуу Бадакшанда анын лидер катары кабыл алынышы тынчсыздандырат. 


2021-2022-жылдары аталган аймакта нааразылык тутанганда күч кызматкерлери менен кагылышууда ондогон адамдын өмүрү кыйылган, бир нече киши кармалып, камакка алынган. Ашурбекованын уулу, эрежесиз эр мушташ боюнча машыктыруучу Мусифшоев Хорогдогу башаламандыкка байланыштуу 2022-жылдын февралында соттолгон. 


Ага Хан фонду Тажикстанда 1992-жылдан тартып расмий иштей баштаган. Тоолуу Бадакшандагы окуялардан кийин тажик бийлиги анын каржылык колдоосу менен ачылган көптөгөн мекемелерди жаап, улутташтырып, ишин чектеди. (RK)