Акылбек Жапаров өлкө өнүгүүнүн жолуна түштү деп эсептейт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан 2030-жылга чейин башкаларга үлгү гана болбой, кыялдар ишке ашарын дүйнөгө көрсөтө алган өлкөгө айланарына ишенерин айтты. Төрага бул тууралуу 18-ноябрда Президенттик администрациянын аппараттык жыйынында билдирди.
Өкмөт башчы сөзүндө Жогорку Кеңеш Республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун бир добуштан колдоп бергенин эскертип, муну өкмөткө көрсөтүлгөн ишенимдин жогорку деңгээли деп белгиледи.
«Министрлер кабинетинин аткарылган иштер боюнча жыйындысына көптөгөн жылуу сөздөр жана оң пикирлер айтылды, бул биздин ишибизге бекем колдоо жана урматтоо. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Иштин ыргагын түшүрбөшүбүз керек, алдыда бизди Элдик Курултай жана 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин отчеттук жыйыны күтүүдө», - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүү индикаторлорунун катышы, көз карандысыз Эл аралык Республикалык Институттун (IRI) изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын белгилеп, 2021-жылдан бери өлкөнүн экономикасы тез жана туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын билдирди.
Анын сөзүнө караганда, кыргызстандыктардын азык-түлүк коопсуздугуна ишеничи артты, жакырчылык элет жеринде 2021-жылдагы 29%дан 2024-жылы 16%га, шаарларда - 30%дан 18%га чейин төмөндөдү.
Акылбек Жапаров 2030-жылга карата ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү максатын ашыруу үчүн ИДПнын жылдык өсүшүн 12-13% деңгээлинде кармап туруу зарылдыгын эскертти.
Кыргызстандын Министрлер кабинети соңку үч жылдан бери өлкө экономикасы 9% туруктуу өсүш менен келатканын, быйылкы бюджет 6,1 млрд сомдук профицитке чыкканын белгилеп келет.
Ошол эле учурда эксперттер Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына олуттуу басым кылып, 2022-жылдын мартынан тарта өлкөдө инфляция кескин жогорулаганын айтып келишет. Азык-түлүк, коммуналдык кызмат акылары, тейлөө бир нече эселеп кымбаттаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен. Өкмөт көтөргөн айлык акы, көбөйткөн пенсия бааларды кууп жете албай жатканына нааразылыктар айтылып келет. (ZKo)