"Уулумдун коопсуздугуна тынчсызданам". Темирлан Султанбековдун атасы бийликке кайрылды
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоп, уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу болорун айтты. 15-ноябрда президенттик администрация бул окуяда "саясий боёк" жок экенин билдирген.