ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кадыр Атамбаев ИИМ кызматкерлери Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин айтып чыкты

0
13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү саат 04:30 чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Социал - демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун үйүнө барганын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында түз алып көрсөттү. Ал милиция кызматкерлери Темирлан Султанбеков менен атасына кол салды деп айтты.



"Султанбековго жана атасына кол салышты. Экөөнү унаага сүйрөп түшүүгө аракет кылып жатышат. Бул мыйзамсыз! Анын шаардык кеңештин депутаттыгына (талапкер катары) иммунитети бар!" деп билдирди Кадыр Атамбаев.



Түз эфирде көрсөтүлгөн тасмада Темирлан Султанбеков "маалыматты эч жакка чыгарбоо тууралуу" кол коюудан баш тартканын, бирок ошол эле учурда маалыматты эч жакка чыгарбай турганын айтып жатканын, айрым адамдар аны бир жакка алып кетүүгө аракеттенип жатканын, Темирлан Султанбеков ак унаага отурганын көрүүгө болот.






Кийинчерээк аларды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышканы маалым болгон.



Ага чейин, 13-ноябрь күнү кечинде да Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. 



Бул аралыкта Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалган.



Азырынча Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун жана дагы эки адамдын кармалышы, шаршембинин кечинде суракка алынгандар тууралуу толук маалымат бере элек.



13-ноябрдын кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.



Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.


Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.


Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.(ZKo)