Айдар Халиковдун айыптоолоруна Дайырбек Орунбеков жооп берди
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук башталыштагы жардамчысы Айдар Халиковдун сөздөрүнө комментарий берди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо 2020-жылдан кийин Садыр Жапаров Айдар Халиковду коомдук башталыштагы жардамчысы кылып дайындаганы, бирок ал кийин мыйзамсыз иштер менен алектенип, Өзбекстандан аткезчилик менен шыйпыр ташыганы аныкталганы айтылат.
“Айдар Халиков күбөлүктү алган күндөн тартып эле алыскы айыл өкмөттөргө, акимдерге кирип бирөөлөрдүн жумушун бүтүрүп берип жүргөн. Акыркы жылдары Өзбекстандан аткезчилик менен курулуш материалдарды ташып калган. Бир канча мекемелерге барып “мен президенттин жардамчысымын” деп үстөмдүк кылган”, - деди ал.
Дайырбек Орунбеков Айдар Халиковду камоо тууралуу буйрук берилгенин, ал быйыл август айында өлкөдөн чыгып кеткенин кошумчалады.
Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темиров 13-ноябрда Айдар Халиков менен маегин жарыялаган. Анда ал Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыз экенин, 2013-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирген. Айдар Халиков президент Садыр Жапаров жана Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда бийликке каршы пикирин билдиргендерди жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялоого мажбурлаганын айтып, ага каршы болгонун кошумчалаган.
“Мен андай жалааларга акыретте жооп беришим керек да. Эгерде күрөш ачык болсо мен президентти же башканы коргоп күрөшө берем. Туура жолдо кетип жаткан болсо. Биринчиден туура эмес жолдо баратса, экинчиден, мен чындыкты айтып жаткандарды андай кылыштан корком”, - деди ал.
Бул маек боюнча президент Садыр Жапаров комментарий бере элек. Мамлекет башчы коомдук башталыштагы бардык жардамчылары менен кеңешчилерин быйыл сентябрь айында бошоткон. Бул чечим Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында аткарылып жаткан иш экени кабарланган. (BTo)