Акылбек Жапаров Жетим-Тоо, Кызыл-Омпол кендерин иштетүүгө каражат табылганын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда Кызыл-Омпол, Куттуу-Сай-2, Үңкүр-таш, Жетим-Тоо, Тоголок жана Талды-Булак-Сол жээк сыяктуу кендерди мамлекет өзү иштетүүгө каражат дээрлик табылганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 14-ноябрда Жогорку Кеңеште 2023-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берип жатып айтып, ири кендер иштеп баштаса 100 миңден ашык жумуш оруну түзүлөрүн кошумчалады.
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы 2025-жылы Нарындагы Жетим-Тоо кенинде чалгындоо иштерин баштоону пландап жатканын маалымдаган. Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда кенде беш миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.
Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн. Айрым жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыккан.
Акылбек Жапаров быйыл сентябрь айында Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун салууга катышкан.
Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда айтылгандай, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Геологдордун айтымында, Кызыл-Омполдо уран, торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттардын кени уюп жатат.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.
2019-жылы жазында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.
Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)