ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаган саммитке катышуу үчүн Эр-Риядга барды

0
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары менен барды. Мамлекет башчыны 10-ноябрда Эр-Рияд шаарынын Король Халид атындагы эл аралык аэропортунан аталган провинция губернаторунун орун басары – Ханзаада Мухаммад бин Абдурахман бин Абдулазиз Аль Сауд жана башка расмий адамдар тосуп алды. 



Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат. Саммитте Палестина жана Түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаал талкууланары кабарланган.


ИКУ 1969-жылы негизделген. Ислам өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоо жана ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоо максатында түзүлгөн бул уюмга 57 мамлекет мүчө. Баш кеңсеси Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жайгашкан.



Кыргызстан ИКУга 1992-жылы мүчө болуп кирген, уюмдун алкагында аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык жана гуманитардык колдоо боюнча иш-чараларга катышып келет. (ZKo)