ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Президент журналисттерди сөзгө маани берүүгө чакырды

0
Президент Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.



Мамлекет башчы журналисттердин коомго так жана калыс маалымат жеткирүүдөгү маанилүү ролун белгилеп, аларды ар бир сөзгө маани берип, жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырды. Ошондой эле, кыргыз журналистикасынын ааламдашуу доорундагы ордун баалап, аларга чыгармачылык эргүү жана ийгилик каалады.



"Сиздер аркалаган кесип ар бир сөзгө маани берүүнү, далилдерге кылдат токтолууну, калыстыкка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Себеби, жарыяланган ар бир маалымат, ар бир уктуруу, ар бир репортаж, керек болсо ар бир кабар бир эле жарандын дүйнө таанымына таасир этпестен, бүтүндөй бир коомдук пикирдин түзүлүшүнө да чоң салым кошот, болуп жаткан окуя боюнча элдин сезимин козгойт", - деп жазылган куттуктоодо.



Президент Жапаров "Эркин Тоо" улуттук басылмасынын 100 жылдыгын да эскерип, гезиттин кыргыз журналистикасындагы орду өзгөчө болгонун белгиледи.



Кыргызстанда быйылкы басма сөз күнү журналисттер жапырт кармалып, соттолуп, басылмалар бөгөттөлгөн учурда белгиленүүдө. Жыл башында үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, "Массалык башаламандыкка чакыруу" беренеси менен айыпталып, кармалган 11 журналисттин экөө түрмөгө кесилген. Экөө пробациялык мөөнөт менен жаза өтөөдөн куткарылган.






Ушул тапта бир нече журналист, блогер жазгандары, пикири үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, абак жайларда кармалып турат. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган "Клооп Медиа" коомдук фонду сот чечими менен жоюлган.



Эл аралык жана жергиликтүү медиа уюмдар сөз эркиндиги чектелип, кысым күчөгөнүн айтып, бийликке бир нече ирет кайрылууларды жолдогон. Президент Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.(ZKo)