ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

ЕБ Кыргызстандын билим берүү тармагына 7 млн евро бөлдү

0
Европа биримдиги инклюзивдик жана сапаттуу билим берүүнү колдоо максатында Кыргызстанга 7 млн евро же 648,7 млн сом бөлдү.


Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, бул жардам мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, жынысына, улутуна, тилине карабастан билимдин жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталат.



Европа биримдиги бул каражатты 2023-2026-жылдар аралыгында бериле турган 27 млн евролук жардамдын алкагында бөлүп жатат.



Кыргызстанда 18 жашка чыга элек 30 миңден ашуун балдардын майыптыгы бар. Алардын жалпы билим алуусу үчүн шарттар түзүлгөн эмес.




Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу конвенциясын 2019-жылы март айында ратификациялаган.


Ага ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо инклюзивдик (кошуп алуучу) шарттарды түзүү керек. Эксперттер Кыргызстан бул шарттарды аткара албай жатканын айтып келет. (КЕ)