ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Түркиянын лидери Бишкекте Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрдү

0
5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында эки тараптуу жолугушуу маалында ФЕТО маселесин көтөрдү.


“Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) баштаган террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыгын дагы да бекемдейбиз деп ишенем”, - деди Эрдоган.


Ал Кыргызстан менен соода алаканын жылдык көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшүлгөнүн билдирди. Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу жана экономикалык колдоо жагынан алдыңкы беш өлкөнүн бири экенин, 1992-жылдан бери Кыргызстанда TIKA уюму аркылуу көптөгөн долбоорлор ишке ашканын белгиледи.


2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу 300дөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган.


Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган.


Акыркы сегиз жылдан бери Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылып келет.


АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхуллах Гүлен быйыл 20-октябрда ооруканада каза болгон.