ru24.pro
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2024

Тажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн дагы эки мурдагы күч кызматкери кармалганы белгилүү болду

0
Тажикстанда "мамлекеттик төңкөрүш аракети" боюнча козголуп, бир катар белгилүү саясатчылар камакка алынган иш алкагында дагы эки киши кармалганын бүгүн 4-ноябрда "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.


Тергөөнүн жүрүшү тууралуу кабардар кызматкерлердин бири айтып бергендей, кеп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкерлери Нурамин Ганизода жана Жамшед Боев жөнүндө болууда.


Расмий органдар бул тууралуу эч кандай маалымат же комментарий бере элек.


Отставкадагы полковник Ганизода мурдагы тышкы иштер министри, бир нече ай мурда кармалган Хамрохон Зарифинин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Эсеп палатасында да эмгектенген. Ал эми отставкадагы капитан Боев тууралуу так маалымат жок, ал орус жарандыгы бар, ошол өлкөдөн пенсия алып жүргөн киши экени гана белгилүү. Экөө тең быйыл июнда Зарифи менен кошо кармалган. 


Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы, экс-депутат Саиджафар Усмонзода, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров, Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, журналист Ахмадшох Комилзода жана Социал-демократиялык партиянын төрагасынын биринчи орун басары Шокиржон Хакимов "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыпталып жатканы белгилүү. Мындан тышкары айрымдарына "улут аралык жана диний кастык козутуу" деген да айып тагылган. Кармалгандар арасында тышкы иштер министринин мурдагы басма сөз катчысы Абдулфайз Атои да бар экени кабарланган.


Башкы прокурор Юсуф Рахмон быйыл август айында пресс-конференцияда кылмыш иши козголгонун, бир нече киши кармалганын кабарлаган, бирок кимдер камалганынын аты-жөнүн атаган эмес. Сентябрь айында иш Жогорку сотко өтөрү айтылган, бирок кайра тергөөгө жөнөтүлгөнү белгилүү болгон. Иш жабык каралууда.


Тажикстанды 30 жылдан бери бир гана киши – Эмомали Рахмон башкарып жатат. Эл аралык уюмдар бул өлкөдө саясий атаандаштык үчүн шарт түзүлбөгөнүн, диктатордук бийлик орногонун айтышат. Соңку жылдары бир нече журналист, укук коргоочу жана оппозиционер саясатчы түрдүү айып менен камакка алынды. Алар өзүлөрү бийликтин мындай айыптоолорун ойдон чыгарылган саясий куугунтук деп аташат. (RK)