Молдова: Майя Санду диаспоранын добушу менен жеңишке жетти
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы, алдын ала санактар боюнча, президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Майя Санду жеңишке жеткенин кабарлады. Бүгүнкү күндө добуштардын 98,9% саналып бүттү. Бул шайлоо президенттик жарышка жана Молдованын Европага интеграция болуу маселеси добушка коюлган референдумга Орусия кийлигишти деген айыптоолордун фонунда өттү.