Сербияда вокзалдын чатыры урап, адамдар каза болду
Сербияда Нови-Сад шаарында кеминде сегиз адамдын өлүмүнө алып келген кырсыктын себеби иликтенүүдө. Бүгүн 1-ноярда аталган шаардын темир жол станциясынын кире беришинде чатырдын бетон бөлүгү урап түштү.
Катуу жараат алган дагы кеминде төрт киши оор абалда ооруканага жеткирилгенин, уранды астында да адамдар бар экенин, куткаруучулар иштеп жатканын Сербиянын ички иштер министри Ивица Дачич билдирди.
Айрым маалыматтарга караганда, станциянын имараты жакында эле жаңыланган.
Нови-Сад Сербиянын экинчи ири шаары. (RK)