Акыйкатчы Сокулукта зомбулук көргөн келин 16 жашында күйөөгө тийгенин айтты
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Сокулуктагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн 22 жаштагы келиндин окуясына тынчыздануусун билдирип, укугун коргоону камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеген.
“Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”, - деди ал.
Омбудсмен институтунун кызматкерлери 22 жаштагы зомбулук көргөн аялдан кабар алып келген. Анын апасы кызматкерлерге кызы 16 жашында турмушка чыкканын, жакында эле күйөөсү менен миграциядан кайтып келгенин, буга чейин күйөөсү “өлтүрүп да коем” деп коркутуп жүргөнүн айтып берген. Келиндин 6 жана 3 жаштагы эки кызы учурда апасынын туугандарынын колунда экени белгилүү болду. Зомбулук көргөн келиндин апасы кызын неберелеринин көзүнчө сабап, видеого тартканын билдирген. Ал күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылууда.
Институттун маалыматына караганда, окуя 29-октябрга караган түнү болгон. Зомбулук көргөн келин 29-октябрда күнү Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиев жабырлануучу катуу сабалып, санында учтуу нерсе менен кесилген жаракаттар барын, тырмактары жулунганын айтып берген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138- беренеси (“Уруп-сабап кыйноо”) менен иш козголуп, шектүү катары 25 жаштагы күйөөсү кармалды. Шектүү соттун чечими менен 27-декабрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.
Акыйкатчы институту зомбулук көргөн аялга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтөт.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Ушул жылдын сегиз айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 10 миң 567 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,1% же 2 055 учурга көп (былтыр сегиз айда 8 512 факты катталган).
Август айынын башында президент Садыр Жапаров “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койгон.
Анда сексуалдык, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган адамдарга комплекстүү жардам көрсөтүү, зомбулук жасаган адамдарды жазасыз калтырбоо маселеси камтылган. (TSh)