ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024

Депутаттар убактылуу автобекетте шарт жок экенин айтып, сынга алышты

0
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары парламенттин 31-октябрдагы жыйынында Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанындагы убактылуу автобекетте түзүлгөн шарттар боюнча маселе көтөрүштү.


Алар Чүйдүн батыш тарабындагы райондоруна, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар үчүн бөлүнгөн жерде айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да шарт түзүлбөгөнүн сынга алышты. Депутат Дастан Жумабеков өкмөттү бул маселеге көңүл бурууга чакырды.


“Шагыл төгүп, тегерегин эле тосуп коюшкан. Башка шарт жок. Ал жерге канча деген адам келип-кетет. Кышында эң суук жер, жайында аябай ысыган жер да ошол аймак. Убактылуу болсо да шарт болуш керек да. Талаага алып барып эле каттамдар ушул жерде болот деген болбойт”, - деди ал.


Ушундай эле маселени депутаттар Сүйүн Өмүрзаков жана Бактыбек Чойбеков да көтөрдү.




Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, Нарын жана Ысык-Көл облусуна каттамдар былтыр жаңы курулган “Бишкек автобекетинен” кете баштады. Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарына кетүүчү автоунаалар Сокулук районундагы бөлүнгөн жерге көчүрүлдү.


Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 30-октябрда РИОМ автобазарынын жанында бөлүнгөн жайдагы автобекет убактылуу иштей турганын, туруктуу автобекет 2025-жылы Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан жолдун жээгине курулуп жаткан атайын комплекске көчүрүлөрүн билдирди.


Бишкектин ичиндеги батыш жана чыгыш автобекеттери жабылып, шаар сыртына чыгарылары мурда эле кабарланган.


Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине Ош базарын, батыш автобекетин камтыган ири комлпекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган.


Шаар бийлиги Батыш автобекети менен Ош базарын башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечиле турганын билдирген. (BTo)