Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылды
15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Нарын облусундагы Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков дагы деле табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ата-баланы издөө иштерине 100дөн ашык киши тартылганын билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, 31-октябрда Жумгалда ӨКМдин 60 кызматкери алты дрон менен издөө иштерине чыкты. Андан тышкары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 20 кызматкери үч дрон жана жергиликтүү тургундардан 26 адам тартылды. Алар дайынсыз болуп жаткан ата-баланы 22 топко бөлүнүп издеп жатышат.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да Нарын дарыясын бойлой Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сегиз куткаруучусу жана ИИМдин эки кызматкери иштеп жатат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.
45 жаштагы Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы уулу Бекзат Самарбеков 16-октябрда мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз болууда. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издеп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган. Издөө иштери начар жүрүп жатканын айтып, бийликке кайрылышкан.
Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат. (BTo)