ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024

Испаниянын сел каптаган аймагында кеминде 62 адам каза болду

0
Испанияда селдин айынан, соңку маалымат боюнча, өлкөнүн түштүгүндөгү Валенсия аймагында кеминде 62 адамдын өмүрү кыйылды. Шейшемби күнү бул аймакта нөшөр жаан жаап, катуу шамал болгон.


Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон суу каптаган жерлерде адамдар агып кетпеш үчүн бакка чыгып, өрт өчүрүүчүлөр сууга чөккөн машина ичинде калгандарды чыгарып жатканын көрүүгө болот.


Аймактын башчысы Карлос Масон пресс-конференцияда маалымат берип, абал оорлогон кээ бир жерлерге куткаруучулардын жетиши мүмкүн болбой жатканын айтты. Куткаруу, тазалоо иштерине аскерлер да тартылууда. Айрым райондордо мектептер жана башка мекемелер убактылуу жабылды. Мадрид менен Барселона ортосундагы темир жол каттамы да токтоп турат.




Акыркы жолу Валенсияда мындай жаратылыш кырсыгы 2023-жылы сентябрда болуп, анда үч киши каза тапкан.


Окумуштуулар климаттын өзгөрүүсү аба ырайынын да ар кандай экстремалдык өзгөрүүлөрүнө түрткү болуп жатканын белгилөөдө. Метеорологдордун пикиринде, Жер ортолук деңиздеги суунун температурасынын жогорулашы буулануу деңгээлин активдештирип жатат жана мунун айынан жаан-чачын көбөйүүдө.


Быйыл күз башталгандан бери Европанын бир нече өлкөсүн суу каптап, ондогон адамдар өмүрүнөн айрылды. (RK)