ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

АКШдагы калаа башчысы: Мэрди шаар тургундары тандаганы жакшы

0
Кыргызстанга АКШнын Түштүк Каролина штатынын Кейс шаарынын мэри Элис Партин келди. Ал АКШнын мамлекеттик департаментинин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана аялдардын жетекчилиги жөнүндө пикир алмашуу программасынын алкагында келип отурат. Элис айым “Азаттыкка” учкай маек куруп, жергиликтүү кеңештердин ролу, шаарды өнүктүрүү жөнүндө ой бөлүштү.


"Тажрыйбам менен бөлүшүү үчүн келдим"

-  Элис айым, саламатсызбы! Кыргызстанга кош келипсиз. Маекке чейин бул сиздин Кыргызстанга болгон алгачкы сапарыңыз экенин айтып калдыңыз. Таасирлериңизди укканча, сапарыңыздын максатын да билгим келип турат.


-  Чоң рахмат. Мен бул жерге Мамлекеттик департаменттин атайын программасынын спикери катары келип отурам. Бишкектин бир катар чоң дүкөндөрүн, көчөлөрүн кыдырууга, мындагы адамдарды, үй-бүлөлөрдү байкоого убактым болду. Бул чынында сиздердин өлкө, шаар менен таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк болуп турат. Анын үстүнө, мен 15 жылдан бери шаар мэринин кызматын аркалап келе жатам. Жеке тажрыйбам менен бөлүшүүгө да даярмын.


-  15 жылдан бери мэрмин деп калбадыңызбы. Андыктан сиз шаарларга такыр башкача көз менен, башка призма менен карасаңыз керек. Мэр катары Бишкек сизге кандай таасир калтырды?


-  Ооба, чын эле мэр катары шаарларга такыр башкача көз менен карап каласың. Сиздердин окурмандар көрө албаганы өкүнүчтүү, бирок мен азыр Бишкекти курчап турган тоолор тартылган сөйкө сатып алып, тагынып алдым. Анткени мындагы тоолор мени айрыкча таң калтырды. Эстелик катары алып кетким келди.




"Шаар башчысын шаар тургундары тандаганы туура"

-  Сиздин Кыргызстанга болгон сапарыңыз Кыргызстанда да, АКШда да шайлоо жараяндары кызуу жүрүп жаткан маалга туш келди. Америка президенттик, ал эми Кыргызстан жергиликтүү кеңештерди шайлоо алдында турат. Адатта биз президенттик жана парламенттик шайлоолорго айрыкча көңүл буруп, бирок жергиликтүү кеңештердин ролун анча баалабай жаткандайбыз…


-  Менимче, бул маселеде окшошпуз. Бизде да президенттик, парламенттик шайлоого өзгөчө көңүл бурулгандай таасир жаралат. Бирок жергиликтүү кеңештердин да мааниси чоң. Жергиликтүү деңгээлдеги маселелер да ошондой эле чоң мааниге ээ. Себеби, бул жерде кеп биз жашап аткан чөйрө тууралуу болуп жатат. Шаарлардын баары эле окшош эмес. Ар бир шаардын муктаждыктары ар башка. Ар кандай камкордукту талап кылат. Андыктан шаардын тагдырын тандалып алынган жергиликтүү лидерлерге тапшырган туура болот. Жергиликтүүлөр гана шаарга эмне керек экенин так аныктап, олуттуу өзгөрүүлөрдү жасай алышат.


-  Ушул суроону эле улай, Кыргызстандын башкаруу системасындагы соңку жылдардагы өзгөрүүлөрдөн кийин мэрди президент дайындайт. Мындай түзүмгө сын-пикирлер болуп, мэрди ошол шаардын жашоочулары же тургундар шайлаган жергиликтүү кеңеш шайлашы керектиги туура болмок деп айтылып келет. Сиз кайсы багыт туура деп эсептейсиз жана сиздердин штатта мэр кандайча бийликке келет?


-  Сиздердин өлкө жана шаар үчүн кайсы бири ыңгайлуу экенин так айта албайм. Бирок жалпысынан жергиликтүү кеңештерди шаар тургундары шайлап алганы туура. Мен ар кандай президенттердин тушунда мэр болдум. Бирок жогору жактагы өзгөрүүлөр менин жеке башкаруума таасир эткен эмес. Ошол эле кезде мен эч бир партияга таандык эмесмин. Бул дагы маанилүү. Анткени президент кайсы партиянын өкүлү болбосун, менин позициям өзгөрүүсүз кала берет. Биздин штатта мэрди шаар тургундары өздөрү шайлайт. Бирок мэрди жергиликтүү кеңештер дайындаган штаттар да жок эмес. Мисалы, менин шаарымда менин тагдырымды бир эле добуш чечип коюшу мүмкүн. Ар бир добуш маанилүү жана бул түзүм мага көбүрөөк жагат.




-  “Мэр эч бир партияга таандык эмес аткаминер” деп калбадыңызбы. АКШда мэр канчалык көз карандысыз? Автономиялуу саясат жүргүзүү укугу канчалык берилген?


-  Бир нерсени тактап коюшум керек, айрым штаттарда гана шаар мэрлери кайсы бир партияны жактайт. Көпчүлүк штаттарда мэрлер тигил же бул партиянын саясатын карманбайт. Арийне, шаардын кайсы бир бөлүгүндө өзгөрүүлөрдү жасоо, өрт өчүрүү кызматынын ишин көзөмөлдөө сыяктуу чарбалык иштерди аткарууда сенин кайсы бир партияга таандык болгонуң маанилүү эмес. Бирок шаар үчүн бир катар чоң өзгөрүүлөрдү жасайм десең, партиялуулук системасы көп артыкчылыктарды берет. Азыр штаттар аралык партиялык система да бар. Бул дагы чоң өзгөрүүлөргө түрткү берет. Бул жагынан мага партиялуулук системасы көбүрөөк жагат. Бирок азыр партиялардын өз позициясында ашкере тура бергени да маселе болууда. Мындайда кайсы бир маселеде орток пикирге келип, чечим чыгаруу узакка созулуп кетет. А жарандар болсо маселелердин ыкчам чечилишин каалайт.




"Шаарга байланыштуу чечимдерде тургундардын ою маанилүү"

-  Урбанизация ыкчам жүрүп, адамдар шаарларга ыктап, шаарларды ыңгайлуу кылуу маселеси күн тартибинде турган азыркы чакта сиз шаар уюштуруу жана аны жөндөөдө кандай жаңы тенденцияларды байкап жатасыз?


-  Азыр адамдар көп жол жүргүсү келбей калганын байкап атабыз. Тургундар жолго убакыт кетиргиси келбейт. Көбү иштеген жерине жакын жерде жашоону каалап калды. Андыктан мындан аркы пландоо иштери ушул тенденцияны эске алуу менен жасалышы керек деп ойлойм.




-  Кыргызстандын расмийлери шаардын түзүмүн жакшыртуу үчүн монорельс же жаркыраган бизнес борбор куруу сыяктуу идеяларды байма-бай айтып калышат. Бийлик болсо Ысык-Көлдүн жээгинде эко шаар куруу ниетин билдирип келет. Негизи эле шаар куруп же анын түзүмүн жакшыртууну эмнеден башташ керек?


-  Шаар дегенде биз ириде анын тургундары жөнүндө ойлонушубуз керек. Шаар – бул бири-бирине жакын жашаган адамдардын ыңгайлуулугу. Албетте, шаарга метро же монорельс сыяктуу жаңы чечимдер зарыл болушу мүмкүн. Бирок калыптанып калган шаарга өзгөртүү киргизүү оңой болбошун түшүнүү зарыл жана кандай гана өзгөрүү болбосун, анын тургундарынын ою сөзсүз эске алынышы керек.


-  Элис айым, кызыктуу маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем!