ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

0
Өзбекстанда 27-октябрда эки палаталуу парламентке шайлоо өтүп, биринчи жолу аралаш шайлоо системасы менен добуш берүү болду. Парламенттин төмөнкү палатасында 150 мандат бар, анын 75и партиялык тизме боюнча бөлүштүрүлөт, дагы 75 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.


Шайлоого беш партия катышты: Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы, “Миллий тикланиш”демократиялык партиясы, Өзбекстандын экологиялык партиясы, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясы жана “Адолат” социал-демократиялык партиясы.


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жергиликтүү убакыт боюнча 27-октябрь саат 17:00гө карата берген маалыматына ылайык, шайлоочулардын 71,52% добуш берүүгө катышты. Өзбекстанда жалпысынан 20 миллионго жакын шайлоочу бар.


Шайлоочулардын эң көп катышуусу Фергана облусунда – 75,71%, эң төмөнкү көрсөткүч Ташкентте – 62,39% болду. Шайлоонун расмй жыйынтыгы 10 күндүн ичинде жарыяланат. (BTo)