ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

0
Президент Садыр Жапаров 16-октябрда мал кайтарганы кетип, дайынсыз болуп жаткан Жумгалдын Өрнөк айылынын тургундары Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбековду издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлап, аларды издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) менен Ички иштер министрлигинен (ИИМ) кошумча күчтөр тартылганын билдирди. Издөө иштерине дрондор да колдонулат.


“Издөө иштери учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да жүргүзүлүүдө, анткени Көкөмерен дарыясы бул районго тез агып барат”, - деп айтылат маалыматта.




Дайынсыз болгон ата-баланын жакындары жана куткаруучулар аларды Көкөмерен дарыясын бойлой издеп жатышат. Жергиликтүү тургундар суу жээгиндеги бадалды, дарыя айланып аккан жерлерди карап жүрүшкөнүн “Азаттыкка” айтып беришкен.


Жумгалдын Өрнөк айылында мал кайтарганы кеткен 45 жаштагы тургун Болот Карыпбеков жана анын тогуз жаштагы баласы 16-октябрдан бери дайынсыз болууда. Жакындары аларды 18-октябрдан тарта издей баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 19-октябрда кайрылган.


Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсык көп эле болгон. (BTo)