ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Аба ырайы: Бишкекте жаан, кар жаайт

0
29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Айрым жерлерде туман болот. 


Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.



Абанын температурасы:



Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,



Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,



Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,



Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10,



Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8. 



Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жамгыр, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -1°… +1°, күндүз 6…8° жылуу болот.