ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Москвада кыргызстандык жаран кылмышка шектелип кармалды

0
Москва облусунун Химки шаарында таксист болуп иштеген кыргызстандык жаран жүргүнчүнү бурагыч (отвертка) менен сайып жибергени үчүн кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары аймактагы Тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.



"24-октябрда таксист жүргүнчүнүн денесине төрт жолу сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Айдоочу кармалып, камалган", деп жазылган анда. Маалыматта ошондой эле жүргүнчү таксист андан эки эсе көп жол кире талап кылганын билдиргени жазылган.



Бул иш боюнча Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Подмосковье аймактык башкармалыгы Кылмыш кодексинин "Адамдын саламаттыгына оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ал эми Тергөө башкармалыгы Кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракеттенүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.



Бул окуя тууралуу кыргызстандык жарандын адвокатынан же жакындарынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да комментарий бере элек.



25-октябрь күнү Москвада дагы бир кыргызстандык жаран Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуянын чоо-жайы менен таанышуу үчүн тергөө органдарына барышканын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеме бул маселе көзөмөлүндө болорун да билдирди.




Орусияда быйыл мартта "Крокус Сити Холлго" жасалган кол салуудан кийин өлкөнүн 19 аймагында мигранттарга таксист жана башка коомдук кызматтарда иштөөгө тыюу салынды.



Бул чектөөлөр Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчөсү болгон Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстандын жарандарына тиешеси жоктугу айтылып келет.


2024-жылкы расмий маалыматтарга караганда, Орусия 411 миң чамалуу кыргызстандык жаран бар. (ZKo)