ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды

0
Ош облусуна караштуу Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейинки (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) аралыгы 28-октябрь күнү саат 12:00дөн тартып, бардык автоунаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.



Ага ылайык, мындай чектөө аймакта кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилүүдө.



Жол толугу менен качан ачылары тууралуу кошумча маалымат берилет.



24-октябрда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолундагы Тоң-Мурун ашуусунда тыгын пайда болуп, автоунаалардын жүрүшү чектелген. Траспорт жана коммуникация министрлиги тыгынга узак жолго чыккан автоунаалардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болгонун белгилеген.




Кыргызстанда 28-30-октябрь күндөрү абанын табы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаай турганын, жолдор тоңголок жана тайгак болорун эскертишүүдө. Транспорт жана жол министрлиги узак жолго чыккан айдоочулардан дөңгөлөктөрүн кышкыга милдеттүү түрдө алмаштырууну, чынжыр жана башка керектүү шаймандарды ала чыгууну, жолдо аралыкты 500 метрден кемитпей сактоону эскертүүдө.(ZKo)