ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Ысык-Көлдө суу сактагычтарды азайтып, көлдүн суусун көбөйтүү сунушталды

0
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунда суу сактагычтарды курууну токтотуп, көлгө куюлган суунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 28-октябрдагы жыйынында айтты.


Түлөбаев жыл сайын Ысык-Көлдүн суусу тартылып баратканын, мындан улам мөңгүдөн түшкөн суулар түз эле көлгө куя тургандай шарт түзүүнү сунуштады.


“Тамчылатып сугарууну киргизип, облуска чоң суу сактагыч жайларды курууну токтотушубуз керек. Мөңгүдөн аккан суу түз эле көлгө куюшу керек”, - деди Түлөбаев.


Ал ошондой эле облустун тургундарына сууну аз талап кылган азык-түлүктөрдү өстүрүүнү сунуштоого чакырды.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев өкмөт Ысык-Көл облусунда суу сактагычтарды көп курууга каршы экенин, суу көлгө көбүрөөк куюлушу керектигин белгиледи.


Кыргызстан соңку учурлардагы эл аралык жыйындарда, саммиттерде суу ресурстары жана аны натыйжалуу пайдалануу маселесин көтөрүп келет.


Алсак, президент Жапаров 2023-жылдын сентябрында Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия лидерлеринин саммитинде ушул маселеге кайрылып, аймактагы өлкөлөрдү суу-энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган. (TAb)