ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Парламентте Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча маалымат берилди

0
Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Чүй дарыясында жылына 200-400 миллион куб суу жерге сиңип кетерин 28-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.


Ал суу жээктерин бетондоо боюнча долбоор даяр экенин, бул маселеде мамлекеттик сыр болгону үчүн толук маалымат бере албай турганын айтты.


Депутат Нурбек Алимбеков суунун жерге сиңип кетишин азайтуу үчүн каналдарды бетондоону сунуштады.


Алмазбек Сокеев бетондоо иштери боюнча мындай маалымат берди:


“Мамлекеттин балансында 5 миң 800 чакырым канал болсо, 3 миң 327 чакырымы бетондолгон. Бул иштердин көбү 1980-жылдары жасалган. Биздин эсеп боюнча бетондолгон каналдардын 65% канааттандырарлык десек болот. Калгандарын кайра оңдоп чыгышыбыз керек. Биздин план боюнча 2028-жылга чейин дагы 2 миң чакырым бетон куюлат”, - деди ал.


"Азаттык" былтыр 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деп аталган иликтөө жарыялаган. Анда Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.


Маселе парламентте да көтөрүлүп, дарыянын жээгин бекемдөөгө жыл сайын 200 миллион сомдон кем эмес акча бөлүп туруу боюнча токтом чыгарган.


Быйыл Чүй дарыясынын кыргыз тараптагы жээгин бекемдөөгө 83 милион сом гана бөлүнгөн.