ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Мэрия “Оберон” базарлары шаар бийлигине өткөнүн билдирди

0
Бишкек мэриясынын кызматкери Темирлан Камчыбеков Бишкектеги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” базары Бишкек шаардык сотунун чечими менен мэрияга өткөнүн билдирди. Анын сөзүнө ылайык, мэрияга жалпы баасы 3,9 млрд сом болгон жер алынды.


Бул тууралуу ал 28-октябрда базарда иштеген соодагерлер менен жолугушууда айтты. Ал ишкерлер менен кайра жаңы келишимдер түзүлө турганын, базар иштей берерин билдирди.


“Оберондун” соодагерлери 28-октябрда базар Бишкек мэриясынын карамагына өткөнүн айтып, чогулушкан. Базардын ээлери мэриянын ишин мыйзамсыз деп атап, шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз даярдалып жатканын кабарлады.


“Дордойдогу” “Оберон” базары 6 гектардан көп жерди ээлей турганы жана анда 3 миңден ашык соодагер иштеп жатканы айтылган.




Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, “Оберон” жоопкерчилиги чектелген коому 1997-жылы негизделген жана анын ээси катары Нуржамал Байболова көрсөтүлгөн. Ал мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун жубайы.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.


Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет. (BTo/TSh)