ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Жапониядагы шайлоодо башкаруучу коалиция азыраак добуш алды

0
Жапонияда 27-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо, баштапкы эсептөөгө караганда, башкаруучу коалиция төмөнкү палатада көпчүлүгүнөн ажырады, ал эми оппозиция көбүрөөк добуш алды. Эми коалиция куроо маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилет.


Расмий маалымат боюнча, премьер-министр Сигэру Исибанын Либерал-демократиялык партиясынан жана «Комэйто» партиясынан турган блок 215 орунга, ал эми оппозициялык партиялар 250 орунга ээ болот. Көпчүлүктү куроо үчүн кеминде 233 орун зарыл болчу.


LDP партиясынын негизги оппоненти болгон Конституциялык-демократиялык партия бул жолу добуштарды көбүрөөк топтоп, 143 мандат алды.




Шайлоо алдында эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор башкаруучу коалицияга ишенимдин төмөндөөсүнүн себеби баалардын жогорулугу жана Кытай менен мамиледеги чыңалуу экенин көрсөткөн. NHK телекомпаниясынын маалыматына караганда, шайлоочулардын дээрлик 40% экономиканын абалына жана жашоонун кымбаттыгына, 28% салыктардын жогорулугуна, 21% айлыктын төмөндүгүнө байланыштуу кооптонуусун билдиришкен.


Жапония Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдары эң көп жардамын көрсөткөн өлкөлөрдүн бири. Мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, жолдорду оңдоо, медициналык тейлөөнү жакшыртуу жагынан атайын долбоорлор ишке ашырылган. Соңку жылдары бул өлкөдө тейлөө, курулуш жана башка тармактарда жумушка орноштуруу боюнча да аракеттер көрүлүүдө. (RK)