ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасын улантарын билдирди

0
Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттогу карьерасын улантууну чечкенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти кызматы менен чогуу карьераны алып кетерин жазды. 



"Мен үчүн бул жөн гана жаңы кызмат эмес – бул Кыргызстандагы кыз-келиндер күрөшүнө байланышкан кыялдарымды жана пландарымды ишке ашыруу үчүн маанилүү жоопкерчилик жана мүмкүнчүлүк. Мен өзүмдүн тажрыйбам жана колдооңуздар менен биздин спортчуларды шыктандырып, туура жолго сала алам деп ишенем, алардын профессионалдык өсүшүнө шарт түзүп, командалык духубузду бекемдей алам. Кыз-келиндер күрөшүнүн чоң потенциалы бар жана биз биргеликте мындан да көп ийгиликтерге жетишип, күчтүү жана максаттуу чемпиондордун жаңы муунун тарбиялайбыз деп ишенем".


Тыныбекова бир аз тыныгуудан кийин кайрадан Кыргызстандын намысы үчүн мелдештерди улантарын кошумчалаган.


Ал Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп 21-октябрда федерациянын кезексиз жыйынында шайланган.




31 жаштагы спортчу Олимп оюндарына төрт жолу катышып, Токио Олимпиадасында күмүш утса, быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медал алган. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.



Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) аны  кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан. (ZKo)