ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Орусиянын миграция борборун Кыргызстанда ачуу сунушталды

0
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Орусиянын миграция борборунун филиалын Кыргызстанда ачууну сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Жылдыз Полотова 25-октябрда Москва шаарында "Көп функционалдуу миграциялык борбор" мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги менен жолугушкан.  


"Филиалдын ачылышы жарандарга Орусия Федерациясынын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө легалдаштырылган ишке орноштурууга багытталган", - деди Жылдыз Полотова.


Министр ошондой эле Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүндө жарандарды кабыл алган.


Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүүлөр күч алганы маалым болду. 22-октябрда Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар буга чейин да катталган.




Бул окуядан кийин Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай кырдаалга тынчсыздануусунбилдирген.


ТИМ өткөн айдын башында Орусиядагы кошумча коопсуздук чараларынын киргизилишинен жана мамлекеттик чек арадан чет өлкөлүк жарандарды өткөрүүдө көзөмөлдүн күчөтүлүшүнөн улам кыргыз жарандарын зарыл иши болбосо Орусияга убактылуу барбай турууга чакырган.


Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.


Расмий маалыматка караганда, учурда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.