ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Израил Ирандын аймагына абадан сокку урду

0
26-октябрдын таңында Израил Ирандын аймагына абадан сокку урду. Бул Израилге бир жылдан бери Иран жана анын өнөктөштөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулдарга жооп экени белгиленди.


"Биз Ирандын аскердик объектилерине таамай сокку урдук жана Израил мамлекетине түз коркунучтарды жок кылдык", - деп сокку урулгандан бир нече сааттан кийин Израил армиясынын өкүлү Даниэль Хагари билдирди.




Ислам сакчылар корпусу менен байланышы бар ирандык Fars маалымат агенттиги Тегерандын түштүк жана батыш тараптарындагы бир нече аскердик базага сокку урулганын маалымдады.


Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, аба соккулары Исфахан, Мешхед жана Курдистан провинцияларына урулган.


Америкалык басылмалар жазгандай, Израил аба соккулары тууралуу бир нече убакыт мурда алдын ала АКШны кабардар кылган. Израил өзүнө сокку урган аскердик объектилерди бутага алган. Аба чабуулуна согуштук учактар катышкан. Энергетикалык объектилер, анын ичинде мунай скважиналары жабыркаган эмес.


Жергиликтүү убакыт менен таңкы саат бештерде Израилдин Иран аймагына багытталган аба соккусунун экинчи толкуну башталганы кабарланды.


Ирандын жапырт ракеталык чабуулунан 26 күн өткөндөн кийинки Израилдин жооп чабуулу эки мамлекеттин ортосунда толуккандуу согуштун чыгып кетүү коркунучун жаратты. Израилдин болжолдуу чабуулунун алдындагы талкууларда АКШ ирандык ядролук объектилерге жана мунай инфраструктурасына сокку урбоого чакырган.


Учурда Тегерандын расмий өкүлдөрү кырдаал боюнча пикир билдире элек.