"Тез Жеттин" ички аба каттамдарынын токтошу нааразылык жаратты
"Тез Жет" компаниясынын өлкөнүн түштүк регионуна каттаган таңкы каттамдары убактылуу токтотулуп, "Манас" эл аралык аэропортунда 200гө жакын жүргүнчү уча албай калды. Жарандар компаниядан 20-октябрдан калбай башка каттам уюштуруп берүүнү талап кылууда.