ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Израил Бейруттун түштүк тарабын аткылады

0
Израил армиясы жекшембинин таңында Ливандын борбору Бейруттун түштүк тарабына абадан чабуул жасаганын жергиликтүү LBCI телеканалына шилтеме кылып, Интерфакс жазды. Маалыматка ылайык, чабуулга Хадат муниципалитети жана Дахия аймагындагы дагы бир калктуу пункт - Харет-Хрейк кабылган. Негизинен шийилер жердеген Дахия АКШ террордук уюм деп жарыялаган "Хезболланын" чеби катары эсептелет.



Чабуулдан мурдараак Израил армиясынын өкүлү Авихай Адраи кезектеги бомбалоо күтүлүп жатканын жергиликтүү элге маалымдаганы айтылды. Ал бул жерлерде "Хезболланын" согуштук объектилери экенин белгилеп, элди аймактан кеминде 500 метр алыстыкка кетүүгө үндөгөн.



Сентябрдын аягынан бери Израил Ливандын түштүк тарабында жана "Хезболланын" Бейруттагы түзүмдөрүнө абадан чабуул коюп келет. Ошондой эле жердеги операцияларын да жүргүзүүдө.




"Хезболланын" согушкерлери күн сайын Израилдин аймагына ракета менен чабуул коюуда.


"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия. Аны АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген.


Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.