ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кар көчкүдө калгандарды издөөгө кошумча куткаруучулар жөнөтүлдү

0
Чаткалдын Ак-Сай аймагында көчкү алдында калгандарды издөө иштерине жардам көрсөтүү үчүн дагы кошумча 16 куткаруучу жиберилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Аталган мекеме көчкүдө калган адамдарды издөө үчүн бардык чаралар көрүлүп жэатканын билдирди.


19-октябрда жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу кар көчкү алдында калгандарды издөө үчүн саат 07:30да жөнөп кеткен. Алардын экөө кар көчкү боюнча адистер.

08:34тө издөө иштерин улантуу үчүн куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Airbus H145 тик учагы Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кеткен.


Куткаруучулар 18-октябрда түштөн кийин аба ырайына байланышуту издөө иштерин убактылуу токтоткон.




9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.


16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми калган алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.

Жума күнү издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген. Дагы үч киши дайынсыз болууда.(КЕ)