ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

БУУ: Газа тилкесинде 1,5 аптага жете турган тамак-аштын кору калды

0
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина аймагы боюнча Азык-түлүк программасынын директору Антуан Ренар Газа тилкесинде тамак-аш кору 1,5 аптага гана жете турганын билдирди.


Бул тууралуу Financial Times басылмасы билдирди. Анын айтымында, соңку салгылашууга байланыштуу жана эки апталык гуманитардык жардамды жеткирүүнү чектөөдөн улам азык-түлүк менен камсыздоо начарлаган.


Ренар белгилегендей, Газанын 400 миңдей жашоочусу тамак-аш тартыштыгынан азап чегүүдө. Жергиликтүү тургундар азык-түлүк акыркы жылы абдан курч маселеге айланганын айтышкан.


Израил 50 жүк ташуучу автоунаа азык-түлүк жана медициналык каражаттардан турган жүктү жеткиргенин билдирип, гуманитардык жардам жеткирүү чектелгенин четке кагууда.




АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Израилдин бийлигине жазган катында күн сайын гуманитардык жардам ташыган 350 автоунаанын киришине уруксат берүүгө чакырды. Алар өткөрүү пунктарынын санын көбөйтүү зарыл экенин белгилешкен.


Бул шарттар 30 күн ичинде аткарылбаса АКШнын Израилге аскердик жардам көрсөтүү маселесинде коркунуч жаралышы мүмкүн экени белгиленген. Бул демилгени башка гуманитардык уюмдар дагы колдошту.