ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Чаткал: кар көчкүдө калгандарды издөө иштери уланууда

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чаткалдагы кар көчкү алдында калгандарды издөө иши кайра башталганын кабарлады. Маалыматка караганда, 19-октябрда саат 08:34тө издөө иштерин улантуу үчүн министрликтин Airbus H145 тик учагы куткаруучулар жана кар көчкү станциясынын кызматкерлери менен Кумбел тилкесинен кар көчкү түшкөн жерге учуп кетти.


Жети кишиден турган куткаруучулардын биринчи тобу кар көчкү алдында калгандарды издөө үчүн саат 07:30да жөнөп кеткен. Алардын экөө кар көчкү боюнча адистер.




Куткаруучулар 18-октябрда түштөн кийин аба ырайына байланыштуу издөө иштерин убактылуу токтоткон.


Жума күнү издөө иштеринде Ак-Сай аймагында көчкү алдында калган үч кишинин сөөгү табылып, тик учак менен Кумбелдеги штабга жеткирилген. Дагы үч киши дайынсыз болууда.




Чаткал районунда жайгашкан Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө иштерине тик учак 18-октябрда тартылган.


9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 киши эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.


16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми алты киши кар көчкү алдында калышы мүмкүн деген маалымат берилген.


Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. (КЕ)