ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ Москвада "кыргызстандык кыз зордукталды" деген окуя тууралуу маалымат берди

0
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Москвада кыргыз жараны кыргызстандык кызды зордуктады" деген окуя тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди.


Мекемеден билдиргендей, зордуктоого шектелген жигит жана кыз Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө чакыртылган. Алар экөө тең Орусиянын жарандыгын алганы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кызга Орусиянын укук коргоо органдарына кайрылуу кеңеши берилген.


Азырынча ал укук коргоо органдарына кайрылган-кайрылбаганы белгисиз. Сөз болуп жаткан эки жаран тең окуя тууралуу комментарий бере элек. 



Мунун алдында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Москва шаарында теги кыргызстандык жаран башка бир кыргыз жаранын алдап, токойго алып барып зордуктап койгонун жазып чыккан. Мындай аракетке барган адам жабырлануучуну видеого тартып, аны интернетке таратып жибергени маалымдалган. Молдокматова бул окуяга байланыштуу Тышкы иштер министрилиги реакция жасаганын белгилеген. 




Буга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кыргызстандык кыздын 6-кабаттан кулап кеткен окуя боюнча эки кыргыз жараны шектүү катары кармалган. 


Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (TAb)