ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Чаткалда эки күн мурда кар басып калган алты адам изделип жатат

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16-октябрда саат 22:00гө берген маалыматына караганда, эки күн мурда Чаткалдагы Ак-Сай тоосундагы кар көчкүдөн улам кар алдында калган алты адам изделүүдө. Маалыматта 9-октябрда тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча 14 адам кайра үйлөрүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманбек Курманалиев 16-октябрда эртең менен Чаткал районундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө кабарлаган. Ушундан кийин издөө – куткаруу иштери башталып, бүгүн саат 14:00дө эки адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, дагы алты адам Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан аман - эсен табылган. Алар тоодо кар көчкү жүргөнүн айтышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты жаранды кар астынан чыгаруу иштери эртең уланарын кошумчалады.