ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Казакстанда өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин жергиликтүү жетекчилер иштен алынды

0
Алматы облусунун Талгар районунда акимдин аппарат жетекчиси Аслан Касымбаев кызматынан алынды. Маалымат каражаттары аны 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүүгө тиешеси бар "Хуторские" уюшкан кылмыштуу топтун ана башынын бир тууганы деп аташууда. Казакстандын Ички иштер министрлиги андай топ катталбаганын айтууда.


Мындан тышкары райондун акими, анын эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Талгар шаарынын акими жана орун басары иштен алынды.


Бул чара Шерзат Болат аттуу өспүрүмдүн өлүмү менен аяктаган мушташтан 10 күн өткөндөн кийин көрүлүп отурат.


Шейшембиде күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кылмышка шектүү деп 10 киши аныкталганын билдирип, бирок ысымдарын атаган жок. Маалыматка караганда, киши өлтүрүүгө бир банка сыра үчүн мушташ алып келген эмес. Ошол эле маалда тартип коргоочулар кармалгандар кандай версияны айтып жатканын ачыктаган жок.




Казакстандык медиада тараган маалыматка ылайык, 4-октябрда Шерзаттын үй-бүлөсү иштеткен чакан дүкөндө чыр чыккан. Кардарлардын бири сыра үчүн акча төлөбөйм деп уруша кеткенде, өспүрүм жана агасы сатуучуга болушкан. Кардар досторун чакырып, алар Шерзат менен агасын сабашкан. Маркум бычак жеп ооруканада каза болгон.


Өткөн аптада анын үйү өрттөнүп кетти. Полиция окуяны башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу беренеси менен териштирүүдө.


Дүйшөмбүдө Талгар районунун борборуна Улуттук гвардиянын аскерлери киргизилгени кабарланган. Ички иштер министрлиги алар "коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо менен алектенерин" билдирген.


Шерзаттын жакындары "адилет сотту" күтөрүн айтышууда.