ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Төө-Ашууда автоунааларга чектөө алынды

0
Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашууда автоунааларга коюлган чектөө алынды.


Бул тууралуу 16-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Министрликтин саат 16:30дагы маалыматына караганда, "Сосновка" жана "Арал" постторунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынган. Ага чейин аталган посттордо жеңил унааларга да чектөө алынган.




Таластагы Өтмөк ашуусунда жеңил унааларга жол ачылганы кабарланган.


Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.


Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан 15-16-октябрда жол тыгыны жаралган. Мындан улам ашууда 1000ге жакын машине токтоп калган.


ӨКМ оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.




ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырып, автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, тамак-аш жана дары-дармек ала жүрүүнү сунуштап жатат.


Кыргызгидромет борборунан билдиргендей, 16-17-октябрь күндөрү аба ырайы туруксуз болот. Тоолуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек - Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. (MKt)