ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Төө-Ашууда 1000ге жакын автоунаа жол тыгында калды

0
Бишкек – Ош автожолунун 129-132-чакырымдарында - Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны пайда болду.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча ашууда 1000ге жакын машине токтоп турат. Министрлик оор жүк ташыган автоунаалар жолго жайкы дөңгөлөк менен чыгып алгандыктан жол тыгыны пайда болгонун билдирди.


Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин 63 куткаруучусу, 13 техника иштеп жатат. Абалды жөнгө салыш үчүн ыкчам штаб уюштурулуп, “Сосновка” жана “Арал” пунктарында жылынуучу жайлар ачылды.


ӨКМ буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Министрлик адамдарды зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууга чакырды. Ошондой эле автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжыр, тамак-аш жана дары-дармек алууну сунуштады. (BTo)