ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат "Акылманды" бүткөндөргө артыкчылык берүү Конституцияга каршы келерин айтты

0
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков президенттик "Акылман" лицейин аяктап, "Эл үмүтү" стипендиясы менен окуп келгендердин жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз кирүүгө акысы бар деген жобого каршы чыкты. Ал бир лицейге артыкчылык берүү балдардын укугун чектей турганын жана Конституцияга каршы келерин айтты.



"Мисалы, Ысык-Атадагы №1 мектептин бүтүрүүчүсү менен силердин "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүсүнүн кандай айырмасы бар? Конституция боюнча айырмасын айтып бериңизчи? Мыйзамды сарказм менен жазып келипсиңер".



Юстиция министри Аяз Баетов бул мамлекеттик кызматтарга мыкты адистерди тартуу максатында болуп жатканын айтты:



"Бизде мыкты окугандар бюрократиялык тесттерден улам мамлекеттик кызматка баргысы келбейт экен. Бир убактарда мамлекеттик кызматтарда маалымат катчылары калбай калган. Жакшы адистер келбейт экен, ошондуктан, кадрдык жетишсиздиктерди жоюу максатында аларды жогорку окуу жайларына жана мамлекеттик кызматтарга сынаксыз өткөрүүнү киргизип жатабыз".



Депутат Кундузбек Сулайманов министр Аяз Баетовдун "бюрократиялык тесттер" деген сөзүн катуу сынга алды. Ал министрди мамлекеттик кызматкерлер мыйзамдын негизинде өтүп келген тесттерди "бюрократиялык" деп сыпаттоого укугу жоктугун эскертти.



Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жалпы отурумда "Эл үмүтү" стипендиясынын ээлерине жана “Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга тапшырууда жана мамлекеттик кызматка ишке орношууда жеңилдик берүү боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатат.


Президент Садыр Жапаров сунуштап жаткан өзгөртүүлөр тууралуу юстиция министри Аяз Баетов баяндама жасады. Анын айтымында, бул бүтүрүүчүлөр кадрлар резервине сынактан тышкары тартипте киргизилет. "Акылман" лицейин бүткөн окуучулар окуу жайдын менчигине карабай жалпы республикалык тесттин жыйынтыгысыз кабыл алынат.



Чолпон-Атада былтыр 25-августта адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылган жана салтанатка Садыр Жапаров катышкан.



Лицейдин директору Эмил Рыскулов Кыргызстандын бардык аймагынан чогулган 1,5 миң окуучунун арасынан 75 окуучу тандалып алынганын билдирген.



“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу жарлыгына президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.



Стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.



Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча ушул убакка чейин 35 кишиге стипендия берилген.(ZKo)