ru24.pro
World News in Kyrgyz
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва чөлкөмүндө төрт тартип коргоочу окко учту

0
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва чөлкөмүндө согушкерлер полициянын баш кеңсесине кол салганда бери дегенде төрт тартип коргоочу жана беш жоочу окко учту. Бул тууралуу Банну шаарынын атын атабаган полиция кызматкери “Машал” радиосуна маалымдады. Анын айтымында, куралчан адамдар полиция бөлүмнө кирип барганда кармаш тутанган. Коопсуздук күчтөрү айланадагы жолдорду бөгөп, тик учактар жардамга тартылды.


Окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Талибан” кыймылынын Пакистандагы канаты алды.




Сентябрда да Баннуда полиция кызматкерлерине кол салуу болгон.


Андан тышкары башка бир нече райондордо да теракттар катталган. Жергиликтүү тургундар коопсуздукту камсыздоо талабы менен митинг, демонстрацияларды өткөргөн. Өкмөт жана армия терроризмге каршы күрөшүп жатканын, согушкер топторду түп тамыры менен жок кылууга дилгир экенин айтып келатат.