Президент Мирзиёевдин күйөө баласынын көмүскө хансарайы
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иликтөөсү Өзбекстан президентинин күйөө баласынын Ташкенттеги көмүскө курулушка тиешеси бар экенин көргөздү. Ал долбоордун алкагында, булактар билдиргендей, 20 турак жай түрттүрүлгөн, атүгүл райондогу жападан-жалгыз мечит көчүрүлүшү мүмкүн.