Атактуу Лозакович кайрадан кыргыз сахнасында
Атактуу швециялык скрипач Даниэл Лозакович Бишкектеги музыка сүйүүчүлөргө концертин тартуулады. Ал кыргыз сахнасында тарыхы 300 жылдык Страдивари скрипкасы менен дүйнөлүк атактуу композиторлордун чыгармаларын ойноду.