"Тогуз класс билими бар жумушчу". Дөңгөлөк желимдөөчү Фейсбукта жазганы үчүн соттолууда
Аламүдүн райондук сотунда дөңгөлөк желимдөөчү жайда иштеген жумушчунун кылмыш иши каралууда. Аны Фейсбукта жазгандары үчүн 17-майда милиция кызматкерлери үйүнөн кармап кеткен. Төрт айга чукул тергөө абагында отурган 55 жаштагы жарандын жакындары менен адвокаты тагылган айыпты четке кагууда.